БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

11 журналисттин иши Ленин райондук сотунда карала турган болду

11 журналисттин иши Ленин райондук сотунда карала турган болду

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

28-майда Бишкек шаардык сотунда "Массалык башаламандыктар" беренеси менен шектелип жаткан он бир журналисттин ишин Ленин райондук сотуна жиберүү чечимине каршы жактоочу Улан Сейитбековдун арызы каралды. 

Отурумда прокурор аппеляциялык өндүрүштү кыскартуу тууралуу сотко өтүнүч келдирди. Ага негиз катары аппеляциялык негизде аталган токтом даттанууга жатпай турганын айтты. Жыйынтыгында сот өтүнүчтү канаттандырып, арызды кароосуз калтырды. 

"Жактоочу тарабынан жазылган аппеляциялык арызды кароосуз калтырып, өндүрүштөн кыскартып коюшту. Азыр бөгөт коюуу чарасы каралган жок же Бишкек шаарынын Биричи Май райондук сотунун токтому дагы каралган жок. Болгону Ленин райондук сотуна жөнөтүлсүн деген чечимди ооз эки айтып  коюшту",-деди жактоочу Нурсултан Жаныбеков.

Эми Бишкек шаардык сотунун аталаган аныктамасына ылайык, кылмыш иши биротоло Ленин райондук сотунда жөнөтүлө турган болду. 

Журналисттердин ишин карап жаткан Бишкектин Биринчи Май райондук соту иш 14-майда Ленин райондук сотуна жиберилгендигин маалымдаган. 

Ленин райондук соту ишти кабыл алганга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Махабат Тажибек кызынын, Азамат Ишенбековдун, Актилек Капаровдун жана Айке Бейшекееванын камактагы мөөнөтү да узартылган. 

 

Журналисттердин жапырт кармалышы

2024-жылдын 16-январынын таңында Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Темиров LIVE" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" долбоорлорунун, "Арча Медианын", "Алга медиа" каналынын жана "ПолитКлиника" басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган.

ИИМ "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренесинин үчүнчү бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" менен иш козголгонун билдирген.

Кийин "Темиров LIVE" редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына чыкса, медианын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев эч кайда чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган. Ошондой эле долбоордун кызматкери Сапарбек Акунбеков жана мурдагы кызматкер Жумабек Турдалиев да тил кат менен чыккан. Ал эми 9-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту  журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевди үй камагына чыгарган. 

Учурда Махабат Тажибек кызы, "Айт, айт десе" долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, "Алга Медианын" журналисти Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын журналисти Айке Бейшекеева камакта олтурат. 

Автор: Т-Медиа > 353 статей