БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

11 журналисттин кармалышы: Сапар Акунбеков үй камагына чыкты

11 журналисттин кармалышы: Сапар Акунбеков үй камагына чыкты

Сапарбек Акунбеков

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту "Темиров LIVE" редакциясынын журналисти Сапарбек Акунбековдун баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарды.

Мекеменин маалыматы боюнча, соттун чечими 7-мартта кабыл алынган. Ага ылайык, Акунбеков 13-майга чейин үй камагында болот.

Эске салсак, 16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Темиров LIVE" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" долбоорлорунун, "Арча Медианын", "Алга медиа" каналынын жана "ПолитКлиника" басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган. Журналисттердин адвокаттары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Алардын арызы канааттандырылган жок. 

ИИМ "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренесинин үчүнчү бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

Автор: Максат Боромбаев

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей