БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

ИИМ 13-майдагы мушташка шектүүлөр кармалганын билдирди

ИИМ 13-майдагы мушташка шектүүлөр кармалганын билдирди

ИИМ тараткан сүрөт

Бишкектеги жатаканада чет элдик жарандарды карактаганга шектелип үч жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. 

Министрликтин маалыматына ылайык, 13-майга караган түнү саат 2:00дө Бишкектин Восток-5 кичи районунда топ балдар чет элдик студенттерге кезигип, тамеки сурашып, «эмне бул жерде тамеки чегип жатасыңар?» деп тийишкен. Уруп баштаганда чет элдик студенттер качып, өзүлөрү жашаган А.Огонбаев көчөсүндөгү жатаканага кирип кеткенге үлгүрүшкөн. Кууп келгендер аалардын артынан жатаканага кирип, чет элдик жарандарга күч колдонуп, акчаларын жана буюмдарын ачыктан-ачык тартып алышкан. 

«Жатаканада жашаган чет элдик жарандар чогулуп, келгендерди каршылык көрсөтүп кетиргенге аракет кылып, ортодо мушташ чыккан. Мушташ жатакананын короосунда болуп, келгендер бирөөсүн таштап качып кетишкен», -деп айтылат маалыматта.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси («Каракчылык») менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 19 жаштагы эки жаран жана 18 жаштагы бир жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. ИИМ учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланып жатканын кошусчалады.

13-майдагы мушташ тартылган тасма интернетке 17-майда тарагандан кийин 18-майга караган түнү Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып башаламандык катталган.

Ички иштер министрлиги түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.

Саламаттыкты сактоо министрлиги тополоңдо дарыгерлерге жалпы 41 адам кайрылганын маалымдады. Алардын ичинен ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.

Бишкек шаардык милициясы башаламандыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бул окуядан кийин Бишкектеги Кыргызстан эл аралык университетинде билим алган чет элдик студенттердин ичинен 1200дөй пакистандык мекенине кетти.

ИИМ элдин нааразылыгын жараткан видеодогу окуя 13-майда болгонун тактады. Маалыматта чет өлкөлүк студенттер менен жергиликтүүлөрдүн мушташы боюнча «Бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, Египеттин төрт жараны кармалганы айтылат. Бишкектин Свердлов райондук соту аларды 19-майда 17-июлга чейин үй камагына чыгарды.

Автор: Осмонова Айдана > 660 статей