БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

25 жаштагы келиндин өлүмүн милиция териштирет

25 жаштагы келиндин өлүмүн милиция териштирет

"Т-Медианын" коллажы

Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болгон 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча окуя Ленин райондук ички иштер башкармалыгына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Бул тууралуу "Т-Медиага" мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Райондук милициянын маалыматына ылайык, маркумга сырттан кароо жүргүзүлгөндө эч кандай сырткы жаракаттар табылган эмес. Бардык тиешелүү экспертизалар дайындалган. Алгачкы экспертизада "Полидорго уулануу, өз жанын кыюу, жүрөк-кан тамырдын курч жетишсиздиги" деген корутунду чыккан. Милиция кийинчерээк кошумча маалымат берилерин белгиледи. 

Оштун тургуну Айтурган Маматкулова бир жыл мурда турмушка чыгып, Бишкекте жашап жүргөн. Быйыл 7-июлга караган түнү борбордогу №4 клиникалык тез жардам ооруканасында каза болгон.  

Маматкулованын кайын журту ал дары ичип алып ооруканага түшкөнүн айтышкан. Бирок маркумдун жакындары келин өз өмүрүн кыйды дегенге ишенбей жатышат. Айтургандын апасы кызынын денесиндеги ур-токмоктон калган издер бар экенин айтып, күйөө баласынан шек саноодо. 

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей