БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Бишкек менен Чүйдөгү катуу шамалдан он адам жабыркады
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-мартта Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган катуу шамалдан он адам жабыркаганын маалымдады. Алардын абалы тууралуу кенен маалымат бериле элек. Ошондой эле 70 социалдык объект, 80 турак үй жана төрт чарбалык курулушка зыян келген.
Бул 29-март саат 8:30га карата алынган алдын-ала маалымат. Ага ылайык, Бишкек шаары боюнча 66 объект жабыркаса, анын 26сы социалдык мекеме, 36сы турак үй, төртөө чарбалык курулуштар. Ал эми Чүйдө жалпысынан 84 объекттин чатырын учурган.
Учурда шамалдын кесепеттерин жоюу, материалдык чыгымдарды тактоо жана чара көрүү үчүн жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтары иш алып барууда.
Кыргызгидромет кызматынын маалыматы ылайык, 28-мартта борбор калаа Бишкек менен Чүй өрөөнүндө түштөн кийин ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамал катталган. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары шамал бир нече турак үй менен имараттардын чатырларын учуруп, бак-дарактар кыйрап, автоунааларды басып калган видеолорду жарыялашкан.
Катуу шамалдын кесепеттерин жоюу үчүн өзгөчө кырдаал жарыяланды. Тиешелүү буйрукка Бишкектин мэри менен Чүйдүн башчысы кол койгон.
Автор: Осмонова Айдана > 795 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat