БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Бишкек: студенттер 5-6-ноябрь күндөрү онлайн окушат
Мындай чечим Бишкекте өтчү Түрк мамлекеттеринин уюмунун XI саммитине жана Түркия президенти менен Венгрия премьер-министринин сапарына байланыштуу кабыл алынган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Бул күндөрү борбор калаадагы бала бакчалар, "Ош" жана "Сары Өзөн" базарлары дагы иштебей турганы маалымдалды. Ошондой эле министрлик, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери бул күндөрү аралыктан иштейт. Борбордук көчөлөрдө электрсамокат жана скутер менен жүрүүгө дагы чектөө киргизилип, троллейбустун каттамдары убактылуу токтотулат.
Түрк мамлекеттер уюмунун кезектеги саммити 6-ноябрда Бишкекте өтөт. Ага Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын президенттери, уюмга байкоочулук кылган өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышары кабарланган.
Автор: Улукбек кызы Асем > 427 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat