БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

11 журналисттин иши: дагы төрт адам үй камагына чыкты

11 журналисттин иши: дагы төрт адам үй камагына чыкты

Сүрөт Болот Темиромдун "Фейсбук" баракчасынан алынды

Бүгүн, 9-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту камактагы журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевди үй камагына чыгарды. Мекеменин маалыматына караганда, алардын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн сотко Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсү берген.

Азырынча Temirov Live жана "Айт айт десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, "Айт, айт десе" долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, "Алга Медианын" журналисти Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын журналисти Айке Бейшекеева камакта калды.

Буга чейин "Темиров LIVE" редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына чыкса, медианын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев эч кайда чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган. Ошондой эле долбоордун кызматкери Сапарбек Акунбеков жана мурдагы кызматкер Жумабек Турдалиев да тил кат менен чыккан.

Журналисттердин жапырт кармалышы

2024-жылдын 16-январынын таңында Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Темиров LIVE" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" долбоорлорунун, "Арча Медианын", "Алга медиа" каналынын жана "ПолитКлиника" басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган. Журналисттердин адвокаттары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Алардын арызы канааттандырылган эмес.

ИИМ "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренесинин үчүнчү бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" менен иш козголгонун билдирген.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей