БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Абдикарим Алимбаев Чек ара кызматынын директору болуп дайындалды

Абдикарим Алимбаев Чек ара кызматынын директору болуп дайындалды

Сүрөт интернеттен алынды

Абдикарим Алимбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары жана Чек ара кызматынын директору болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда кол койду. 

Мурдараак ал президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулганы кабарлаган. 

Абдикарим Алимбаев облус башчылыкка 2021-жылы майда дайындалган. 51жаштагы Алимбаев буга чейин Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматтарын аркалаган. 

Автор: Осмонова Айдана > 794 макала