БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Абхаз, армян номурлуу унаалар алты ай ичинде мыйзамдаштырылат

Абхаз, армян номурлуу унаалар алты ай ичинде мыйзамдаштырылат

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда чет өлкөлөрдөн ташылып келген жана каттоодо турган автоунааларды мыйзамдаштыруу боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. 

Ага ылайык, Министрлер кабинети легалдашыруунун жол-жобосун эки айда иштеп чыгып, 6 ай ичинде унаалар мыйзамдаштырылып бүтүшү керек. 

Мыйзамдаштыруу үч этап менен жүрөт: 

1-этапта документи барлар катталат

2-этапта документи жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп бергендер катталат

3-этапта документи жок унаалар тетик катары сатылат же өлкөдөн чыгарылат. 

Мындан сырткары алардын өлкөгө алынып келүүсүнө тыюу салуу каралган. 

Буга чейин депутаттар армян жана абхаз номерлуу унааларды мыйзамдаштырууну сунушташкан. Былтыр 11-декбарда Жогорку Кеңеште  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, "бир дагы мыйзамсыз алып келинген машиналар көчөлөрдө жүрбөшү керек" деген тапшырма берип, өлкөдө  абхаз, армян номерлүү 15 миңдей автоунаа бар экенин билдирген. 

Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары Армения, Абхазия, Грузия сыяктуу өлкөлөрдөн оң рулдуу унаалар кирип жатат. Өлкөдө абхаз номуру менен жүргөн автоунаалардын ээлери машинасын өзүнө каттатып, башка бирөөгө сатып же болбосо убактылуу айдап турууга да бере албайт. Анткени Абхазиядан келген машинелер ЕАЭБдин товары болуп эсептелбейт. Бул өлкөнү өзүнчө мамлекет катары дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттери, анын ичинен Кыргызстан да тааныган эмес.

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала