БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Адыл Акжол уулу 4-октябрга чейин камакка алынды

Адыл Акжол уулу 4-октябрга чейин камакка алынды

Сүрөт интернеттен алынды/ Адыл Акжол уулу

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулу кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына 4-октябрга чейин камалды. Бул тууралуу "Т-Медиага" райондук соттун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 5-августтагы чечими менен камакка алынган. Адыл Акжол уулуна атайын кызмат Кылмыш-жаза кодексинин 278-массалык баш аламандыктарды уюштуруу беренеси менен айып таккан.

Адыл Акжол уулу 33 жашта. Ал 2022-жылдан 2023-жылдын июнь айына чейин мамлекеттик ЭлТР телеканалынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 2023-жылдын июль айында УТРКнын директорунун орун басары болуп дайындалып, бул кызматтан 2024-жылы март айында кеткен.

Адыл Акжол уулу блогер катары да таанымал. Анын Ютуб каналында 800 миӊге жакын катталуучусу бар.

Автор: Улукбек кызы Асем > 327 статей