БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Адыл Акжол уулунун камактагы мөөнөтү 4-ноябрга чейин узартылды

Адыл Акжол уулунун камактагы мөөнөтү 4-ноябрга чейин узартылды

Сүрөт интернеттен алынды

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулунун камактагы мөөнөтү 4-ноябрга чейин узартылды. Чечимди Биринчи май раойндук соту 3-октябрда чыгарган. Бул тууралуу "Т медиага" бүгүн, 9-октябрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Райондук соттун маалыматына караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ага Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренеси менен айып таккан. Ал 2024-жылдын август айында кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камалган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы сентябрь айында журналистке "Опузалап талап кылуу" беренеси боюнча дагы бир кылмыш ишин козгогон. 

Адыл Акжол уулу 33 жашта. Ал 2022-жылдан 2023-жылдын июнь айына чейин мамлекеттик ЭлТР телеканалынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 2023-жылдын июль айында УТРКнын директорунун орун басары болуп дайындалып, бул кызматтан 2024-жылы март айында кеткен.

Адыл Акжол уулу блогер катары да таанымал. Анын Ютуб каналында 800 миӊге жакын катталуучусу бар.

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей