БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Башкы прокуратура Маматкулованын өлүмү боюнча ишти көзөмөлүнө алды

Башкы прокуратура Маматкулованын өлүмү боюнча ишти көзөмөлүнө алды

Сүрөт: Башкы прокуратуранын сайтынан алынды

Коомчулукта резонанс жараткан Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнү Башкы прокуратура өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу мекеме 17-июлда маалымдап, өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалганын кошумчалады. Анын жыйынтыгы менен тийиштүү укуктук баа берилет.

Келиндин өлүмүнө байланыштуу Бишкек шаарынын Октбярь райондук ички иштер бөлүмү 12-июлда кылмыш ишин козгогон. Милиция окуяны Кылмыш-Жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен иликтеп жатат.

25 жаштагы Айтурган Маматкулова Оштун тургуну. Бир жыл мурда классташына турмушка чыгып, Бишкекте жашап жүрүшкөн. Быйыл 7-июлга караган түнү Бишкектеги №4 клиникалык тез жардам ооруканасында каза болгон. Кайын журту ал дары ичип алып ооруканага түшкөнүн айтышкан. Бирок маркумдун жакындары ал өз өмүрүн кыйды дегенге ишенбей жатышат. Айтургандын апасы кызынын денесинде ур-токмоктон калган издер бар экенин айтып, күйөө баласынан шек саноодо. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей