БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ак-Суудагы бир шайлоо тилкесинде добуш берүү жүрүүдө
Бүгүн, 18-ноябрда Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Тепке айылындагы №3092 шайлоо участкасында добуш берүү башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка караганда,17-ноябрда бул участкада техникалык кыйынчылыктарга байланыштуу жарандар добуш бере алган эмес. БШК мындан улам добуш берүү убактысын узартуу тууралуу токтом кабыл алган. Добуш берүү саат 20:00дө жыйынтыкталат.
Кыргызстанда 17-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 33 шаарда жана 231 айылдык кеңеште өттү. Жалпы шаардык кеңештердеги миңдей мандат үчүн беш миңдей талапкер ат салышты. 231 айылдык кеңештин депутаттыгына 10 миңдей жаран талапкерлигин койгон.
Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасындагы маалыматтарга ылайык, Ош шаардык кеңешине шайлоодо ат салышкан беш партия тең 5% босого чектен өттү. Ал эми Бишкекте алты партиянын бешөө жеңишке жетти.
БШК жалпы 4 миллион 135 миң шайлоочунун 1 миллион 150 миң 931и (27,83%) добуш бергенин билдирди.
Автор: Осмонова Айдана > 791 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat