БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Аксыда дарыядагы суунун дээңгели көтөрүлүп, жарандар эвакуацияланууда

Аксыда дарыядагы суунун дээңгели көтөрүлүп, жарандар эвакуацияланууда

Сүрөт: ӨКМ/ 20.07.2024

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абаддын Аксы районуна караштуу Кара-Камыш айыл аймагында 20-июлда түштөн кийин жааган жамгырдан улам Кезарт сел каналынан суу ашканын маалымдады. Ал Кара-Суу дарыясына толуп, ага жакын жайгашкан 56 турак үйгө коркунучун жараткан.

Буга байланыштуу райондук  өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу, Жарандык коргоо кызматтары Ири-Булуң жана Кара-Суу айылындагы 56 үйдүн жашоочусун коопсуз жайга эвакуациялоо иштерин жүргүзүшүүдө.   

Министрлик 18-июлдан 22-июлга чейин өлкөнүн тоолу жана тоо этектериндеги райондорунда нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерткен.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей