БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ӨКМ Аксыда сел кирген үйлөр толук тазаланып бүткөнүн билдирди

ӨКМ Аксыда сел кирген үйлөр толук тазаланып бүткөнүн билдирди

Сүрөт: ӨКМ

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Камыш айылында сел каптаган 56 турак үйдүн короо-жайы тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мындан сырткары Сары-Челек айыл өкмөтүнүн Аркыт айылында Кара-Жыгач – Сары-Челек авто жолунун болжол менен 2,5 чакырым аралыгы, ошондой эле Сарай-Сай сайынан түшкөн сел суулары сайдан ашып, 500 метр аралыкта ички чарбалык авто жолун каптаган. Мындагы суу жууп кеткен тилкелер калыбына келтирилген. 

25-май күнү нөшөрлөп жааган жаандан улам Аксы районунун Кара-Камыш, Сары-Челек, Үч-Коргон айыл аймактарында кокту-колоттордон чогулган сел суулар 56 турак жайдын коросун каптаган. Анын ичинен алты турак үйдүн жер төлөсүнө, төрт турак үйдүн ичине кирип, үч мал сарай уруп калган.

Мындан сырткары Сары-Челек айыл аймагында үч ички көпүрө  авариялык абалга келип, кооптулукту жараткан. Мындан улам Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилип, сел жүрүп, кооптуулук жаралган үйлөрдөн 250 адам эвакуацияланган.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей