БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Аксыда жеке ишкер өз эсебинен чакан ГЭС курду

Аксыда жеке ишкер өз эсебинен чакан ГЭС курду

Сүрөт: президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл аймагындагы Тосту айылында жеке ишкер Нурлан Оморов тарабынан кубаттуулугу 500 кВт болгон чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү 12-ноябрда билдирди.

 

Чакан ГЭСтин курулушуна 750 миң доллар жумшалган. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү бул демилге өлкөдөгү электр энергиясына болгон муктаждыкты жөнгө салуу максатында ишке ашканын кабарлады.

Учурда Тосту айылындагы жаңы чакан ГЭСтен өндүрүлгөн электр энергиясы жергиликтүү калктын кошумча керектөөсүнө жумшалууда. 

Буга чейин Баткен облусунун тургуну, жеке ишкер Алмаз Каллпаев Кыштут дарыясына кубаттуулугу 10МВт болгон системалык ГЭСТИ курган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей