БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Акыйкатчы: Нарында күйөөсү тарабынан бычакталган келин буга чейин да зомбулукка кабылган

Акыйкатчы: Нарында күйөөсү тарабынан бычакталган келин буга чейин да зомбулукка кабылган

Иллюстративдик сүрөт

Акыйкатчы институту Нарын шаарында жолдошу тарабынан бычакталган келиндин окуясын көзөмөлгө алды. Мекеменин 4-сентябрда тараткан маалыматына караганда, акыйкатчынын облустагы өкүлү жабырлануучудан кабар алган. Анда келин буга чейин да зомбулукка кабылып келгени белгилүү болгон. Мекеме анын бетинде, моюнунда, көкүрөк клеткасында, курсагында жана эки далысында бычактан алган көптөгөн жаракаттары бардыгын белгилейт. 

"Ал менин үйүмдүн дарегин билбей калып, жумушума келип бычактап кетти. Үйүмдүн дарегин билгенде ээн-эркин мени өлтүрүп эле кетмек экен. Укук коргоо органдары тарабынан адилет чечим кабыл алынып, "тиешелүү жазасын алсын" деп сурайт элем", -деген жабырлануучу. 

Учурда келин Нарын облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жатат. Анын үч баласы инисинин кароосунда экени айтылды. Бул ишке байланыштуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарынын жетекчилерин аялдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө чакырды.

"Зомбулуктун алдын алуу үчүн иштей турган механизмдерди кабыл алуу талап кылынат. Ошондой эле зомбулук курмандыктарынын — аялдар менен балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык аракеттерди көрүү маанилүү. Нарындагы үрөй учурган окуя кайталанбашы керек", -деген Жаманбаева. 

31-августта социалдык тармактарда ашканада эркек киши аялдын моюн жагына бычак сайып жаткан видео тараган. Окуядан кийин милиция шектүү катары келиндин 42 жаштагы күйөөсү кармалганын кабарлаган. Бул иш Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренелери ("Бейбаштык максатта, өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө аракеттенүү-башка кишинин өмүрүн кыюга аркеттенүү) менен тергелүүдө.

Нарын райондук соту шектүүнүн бөгөт чарасын карап, аны эки айга камакка алган. 

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей