БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Миң-Куштагы окуя боюнча "Росатом" ишканасынын адис-эксперти комментарий берди

Миң-Куштагы окуя боюнча "Росатом" ишканасынын адис-эксперти комментарий берди

Сүрөт: Кактус

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Нарындын Миң-Куш айылында уран калдыктарын ташып баратып сайга кулаганын оор жүк ташуучу унаа боюнча он мүнөтүк видео таратты.

Анда Орусиянын "Росатом" ишканасынын федералдык экология боюнча операторунун адис-эксперти Владимир Богатырев кырсыктын кесепеттерин жоюуда так инструкция менен иш алып барганын, ташуу иштерин Кыргызстандын ведомстволору менен макулдашылган коопсуздук эрежелери менен ишке ашырарын айткан. 

"Мына ушул жерде жүк ташуучу автоунаа кырсыкка учураган. Кырсыктын кесепеттерин жоюуда биз так инструкция менен иш алып бардык. Айлананы курчоого алып, ассиметриялык текшерүүлөрдү кылып жаттык. Башка унааны чакыртып калдыктарды ага жүктөттүрдүк. Жыйынтыгында жүк ташуучу унаага салынган калдыктар "Дальнее" калдык сактоочу жайына жеткирилип эреже менен көмүлдү. Биз ташуу иштерин Кыргыз Республикасынын тиешелүү ведомстволору менен макулдашылган коопсуздук эрежелерин сактоо  менен ишке ашырабыз", - деген ал.

Мындан сырткары тасмада Миң-Куш айылынын тургундары,"Росатом"ишканасынын кызматкерлери сүйлөгөн. Кызматкерлер унаа кулаганда ичиндеги уран калдыктары сууга төгүлбөгөнүн айтып, кооптонбой эле койсо болорун айтышкан. 

"Биричиден, ал машине көмкөрүлүп калган жок, арты менен түштү. Бирок ал герметикалык ал эч жакка төгүлбөйт. Биякта жүктөлгөндө биз аны текшерип, жууп анан жолго чыгарабыз. Эч кандай кооптонунун кереги жок"-деген "Росатомдун"Орто Азия боюнча филиалынын радиациялык коопсуздук боюнча кызматкери Артур Нарынбаев. 

 

Ал эми тургундар таза зонадан жашагылары келерин, жүрүп жаткан ишти өздөрү көзөмөлдөп жаткандыгын билдиришкен. 

"Өздөрүнүн адистери бар. Алар дозасын карайт. А жолдон болсо баарыбыз эле көзөмөлдөйбүз. Машине кичине катуурак жүрүп калса, суу себилбей калса, аны вотсаптагы топко жазып турабыз", -деди Миң-Куш айылынын тургуну Бурул Сүйүнбаева. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров уран калдыктары боюнча туура эмес маалыматтар тарап жатканын бүгүн, 13-июнда парламенттин жыйынында айтты. Ал кырсык айдоочунун күнөөсү болгонун белгилеген. 

Буга чейин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Медетбек Маметов депутаттардын суроосуно жооп берип жатып, унаада урандын калдыгы бар экендигин ырастаган эле.

Эске салсак, 1-июнда Миң-Куш айылында "Туюк-Суу" уран калдыгын сактоочу жайдан уран калдыктарын ташып иштеген "HOWO" үлгүсүндөгү оор жүк ташыган автоунаа кырсыкка кабылып, сайга кулап түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унаа бош болгонун, кырсык болгон аймакт кооптуулук жок экенин кабарлаган. 

Ал эми жергиликтүү баслымалар 9-июнда окуя болгон жерден тартылган видеону жарыялаган. Анда кырсыкка кабылган автоунаадан кандайдыр бир белгисиз затты башка машинага жүктөп жатканын көрүүгө болот.

Учурда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык техникалык, көзөмөл кызматы, Кыргызстандын тоо-кен металлургия профсоюзу, Саламаттыкты сактоо министрлигинин ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин радиациялык коопсуздук бөлүмүнүн өкүлдөрү кирген комиссия кырсыкты иликтеп жатат.

Миң-Куш айылында "Туюк-Суудагы" уран калдыктарын "Дальнее"сактоо жайына ташуу иштери 2023-жылдын август айында башталган. Аны орусиялык "Росатом" ишканасы ишке ашырууда.

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей