БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ала-Бука: дубалынан жарака кеткен мектеп боюнча кылмыш иши козголду
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Падек айылында жайгашкан Т. Жоробаев атындагы орто мектептин имараты сапатсыз курулганы аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурнын маалымат кызматы 26-ноябрда маалымдады.
Маалыматка караганда, райондук прокуратура текшерүү жүргүзүп, аталган мектептин 59 млн 320 миң сомго сапатсыз курулган имаратын мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик тиешелүү көзөмөл жүргүзбөй кабыл алганын аныктаган. Билим уясынын пайдубалынын ичи кум-шагыл эмес, топурак менен толтурулган. Ушундан улам мектептин ашканасынын, ажатканасынын жана кээ бир класстык бөлмөлөрдүн полдору 20-40 см чейин чөгүп кеткен. Мунун кесепетинен дубалдарда жаракалар пайда болуп, мектептин имараты жараксыз абалга келип жабылып калган.
Бул факты боюнча Ала-Бука райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 273-беренеси ("Сапаты начар курулуш)" менен кылмыш ишин козгогон. Тергөөнү райондук милиция жүргүзүп жатканы айтылды.
Автор: Улукбек кызы Асем > 394 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat