БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Үч жашар Алиянын өлүмү: кармалган анестезиолог үй камагына чыкты

Үч жашар Алиянын өлүмү: кармалган анестезиолог үй камагына чыкты

Сүрөт: "Кактус"

Бишкекте үч жашар Алия Кубанычбекованын өлүмүнө байланыштуу кармалган анестезиолог үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди. 

Дарыгердин бөгөт чарасы бүгүн, 31-январда Бишкек шаардык сотунда каралган. Мекеме шектүүнүн туруктуу жашаган жери бар экендигин жана ага коюлган айып анча оор эмес кылмыш категориясына кирерин эске алып, үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган. 

Алия Кубанычбекова былтыр 18-декабрда Бишкектеги жеке клиникалардын биринде тишине жасалган алты сааттык операциядан кийин чарчап калганы маалым болгон. Апасы Айгүл Исакованын айтымында, кыздын тиштери ооруп ириңдеп жаткандыктан, аны дарылатуу үчүн Бишкектеги Dentamax жеке клиникасына кайрылып, дарыгерлер операция керек экенин билдирген. Операция акысына дарыгерлер 106 миң сом сурашкан.

Бирок операция аталган клиникада эмес, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын медициналык борборунда жасалган. Дарыгерлер муну ал жерде жакшы шарт түзүлгөнү менен түшүндүргөн. Атасы алдын ала дарыгерлер менен сүйлөшүп, кызын 18-декабрда клиникага алып барганын, ага "Севоран" дарысын жыттатып "тишин тазалайбыз" дешкенин, бирок ага ийне сайгандан кийин наристе ошол бойдон ойгонбой калганын айткан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Окуядан кийин Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борбордун директору, бөлүм башчысы, анестезиолог жана тиш доктур кызматтан кетип, аталган медициналык борбор жана Алиянын тишин дарылатуу үчүн ата-энеси кайрылган Dentamax жеке клиникасы жабылган.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей