БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Үч жаштагы Алиянын өлүмүнө байланыштуу төрт адам иштен кетти

Үч жаштагы Алиянын өлүмүнө байланыштуу төрт адам иштен кетти

Алия Кубанычбекова/ "Кактус"

Тишин дарылатуу учурунда каза болгон үч жашар Алия Кубанычбекованын өлүмүнө байланыштуу Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борбордун директору, бөлүм башчысы, анестезиолог жана тиш доктур кызматтан бошотулду. Бул тууралуу 18-октябрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев каза болгон кыздын жакындарын кабыл алган учурда билдирди. 

Бул окуядан кийин Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борбор жана Алиянын тишин дарылатуу үчүн ата-энеси кайрылган Dentamax жеке клиникасы жабылган.

Эске салсак: Алия Кубанычбекова былтыр 18-декабрда Бишкектеги жеке клиникалардын биринде тишине жасалган алты сааттык операциядан кийин чарчап калганы маалым болгон. Апасы Айгүл Исакованын айтымында, кыздын тиштери ооруп ириңдеп жаткандыктан, аны дарылатуу үчүн ата-энеси Бишкектеги Dentamax жеке клиникасына кайрылып, дарыгерлер операция керек экенин билдирген. Операция акысына дарыгерлер 106 миң сом сурашкан.

Бирок операция аталган клиникада эмес, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын медициналык борборунда жасалган. Дарыгерлер муну ал жерде жакшы шарт түзүлгөнү менен түшүндүргөн.

Атасы алдын ала дарыгерлер менен сүйлөшүп, кызын 18-декабрда клиникага алып барганын, ага "Севоран" дарысын жыттатып "тишин тазалайбыз" дешкенин, бирок ага ийне сайып, наристе ошол бойдон ойгонбой калганын айткан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бардык экспертизалар дайындалып, тергөөнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынары маалымдалган. 

Автор: Осмонова Айдана > 795 макала