БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Алиянын өлүмү: сот залында чыр чыкты

Алиянын өлүмү: сот залында чыр чыкты

Сүрөт: Т- Медиа

24-апрелде Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч жаштагы Алия Кубанычбекованын өлүмүнө байланыштуу баштапкы соттук угуу болуп, шектүүлөрдүн бөгөт чарасы каралды.

"Т-Медианын" жеринде жүргөн кабарчысы билдиргендей отурум жабык өтүп, тараптардын сотко келген жакындары менен журналисттер киргизилген жок. Судья кеңешме бөлмөсүнө кеткен маалда залдагы тараптардын ортосунда чыр чыкты.

Жыйынтыгында сот шектүүлөрдү абакта калтыруу чечимин чыгарды.

 

 


 

 

 

 

 

 

Алиянын өлүмү 

Үч жаштагы Алия Кубанычбекова 2023-жылы 18-декабрда Бишкектеги жеке клиникалардын биринде тишине жасалган алты сааттык операциядан кийин чарчап калганы маалым болгон. Апасы Айгүл Исакованын айтымында, кыздын тиштери ооруп ириңдеп жаткандыктан, аны дарылатуу үчүн Бишкектеги Dentamax жеке клиникасына кайрылып, дарыгерлер операция керек экенин билдирген. Операция акысына дарыгерлер 106 миң сом сурашкан.

Бирок операция аталган клиникада эмес, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын медициналык борборунда жасалган. Дарыгерлер муну ал жерде жакшы шарт түзүлгөнү менен түшүндүргөн. Атасы алдын-ала дарыгерлер менен сүйлөшүп, кызын 18-декабрда клиникага алып барганын, ага "Севоран" дарысын жыттатып "тишин тазалайбыз" дешкенин, бирок ага ийне сайгандан кийин наристе ошол бойдон ойгонбой калганын айткан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кийин милиция аны "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренесине өзгөрткөнү белгилүү болгон. Окуядан кийин Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борбордун директору, бөлүм башчысы, анестезиолог жана тиш доктур кызматтан кетип, аталган медициналык борбор жана Алиянын тишин дарылатуу үчүн ата-энеси кайрылган Dentamax жеке клиникасы жабылган.

Наристенин өлүмү боюнча анестезиолог январь айынын ортосунда камакка алынып, Бишкек шаардык соту 31-январда аны үй камагына чыгарган. Кыздын жакындары соттун токтомуна нааразы болуп, бийлик жетекчилерине кайрылган.

Кийин анестезиологдун бөгөт чарасы өзгөрүп, кайра камакка алынган. Аны менен бирге Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун директору да кармалган. 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей