БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Алты адамга "Ош облусунун ардактуу атуулу" наамы берилди

Алты адамга "Ош облусунун ардактуу атуулу" наамы берилди

Сүрөт: президентин Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Алты адамга “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды. Сыйлоо аземи 12-октябрда өткөрүлгөн. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады. 

Ардактуу атуул наамын алгандар:

Расулберди Раимбердиев - Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетинин окутуучусу, профессор, милициянын генерал-майору, "Даңк" медалынын ээси.

Нурлан Сулайманов - Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси, КР мамлекеттик кызматынын 2-кластагы мамлекеттик кеңешчиси,  эмгек сиңирген куруучусу.

Каары Алимбеков - эмгек ардагери, Эмгек сиңирген мугалими. 

Алмазбек Исраилов - Кара-Суу-Дан-Азык ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы.

Анарбек Аттокуров - эмгек ардагери, Кыргызстандын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер.

Чолпонбай Осмонов - “Чин-Алин” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, Эмгек сиңирген куруучусу.

Апрель айында тогуз адамга ушундай эле наам ыйгарылган болчу.

Автор: Осмонова Айдана > 647 статей