БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Алып баруучуларды микрофон менен чапкан жаран кармалды

Алып баруучуларды микрофон менен чапкан жаран кармалды

Милиция тараткан сүрөт

Бишкекте кафелердин биринде алып баруучуларды микрофон менен чаап жиберген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы билдирди. 

Маалыматка караганда, анын үстүнөн ресторандын администратору арызданган. Ал Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык административдик камакка алынган. Соттун чечими чыкканга чейин райондук башкармалыктын убактылуу камерасында кармалат. 

Социалдык тармакта тойканалардын биринде бир адам алып баруучуларды микрофон менен башка чаап жиберген видео тараган. Интернет колдонуучулар окуя 22-декабрда сыйлык тапшыруу иш-чараларынын биринде болгонун, алып баруучуларга кол салган жаран Илимбек Исраилов экенин жазышкан. Мындан кийин анын кечирим сураган видеосу да тарады.

Илимбек Исраилов бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду коргоп акцияга чыгып жүргөн. Ошондой эле 2022-жылы айрым ЖМКларга каршы митингге чыкканы менен белгилүү. 

Автор: Осмонова Айдана > 795 макала