БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Алыскы аймактардагы мектептерге автобустар берилет

Алыскы аймактардагы мектептерге автобустар берилет

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

Жакынкы күндөрү өлкөнүн алыскы аймактарындагы мектептерге автобустар тапшырылат. Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаеванын айтымында, транспорт окуучуларды мектепке жеткирүү кызматын аткарат. 

"Булар (ред-автобстар) ар бир мектепке бекитилет. Жогорку сапаттагы билим бере албаган мектептерибиз бар. Ошол себептен ири мектептерге келип окуган айылдарыбыз бар. Алардын саны бүгүнкү күндө токсонго жакын. Ошол себептен эң биринчи кезекте ошолорго, анан Бишкек шаарына берилет", -деди Догдургүл Кендирбаева. 

Элүү автобусту орусиялык "Евразия" автономдуу коммерциялык уюму белекке берген. Азырынча алар кайсыл аймактарга бөлүштүрүлө турганы, качан жөнөп кетери белгисиз. Ал эми айдоочулардын маянасы боюнча маселе да чечилбей турат. Министрлик аны жергиликтүү бийлик менен бирге сүйлөшөрүн кошумчалады. 

Кыргызстанда жалпы 2377 мектеп бар. Аладын элүүгө жакыны авариялык абалда. 

Автор: Т-Медиа > 354 статей