БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Арстанбапта сел тогуз үйдү каптап, 23 унааны агызып кетти

Арстанбапта сел тогуз үйдү каптап, 23 унааны агызып кетти

Сүрөт: ӨКМ

Жала-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылында катталган сел 23 унааны агызып, тогуз турак үйгө, борбордук ооруканага суу кирген. Бирок авариялык абалга түшкөн үйлөр жок. Бул тууралуу 24-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, азыркы учурда жеринде министрликтин 77 куткаруучусу суу ташкындын калдыктарын тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле Жарандык коргонуу кызматтарынан техникалар тартылып, суу каптаган ички чарбалык жолдор калыбына келтирилип жатат. Мындан сырткары селге аккан автоунаа ээлери такталып, унааларын коопсуз жайга чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облустук башкармалыгына, Жалал-Абад шаардык жана Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн өздүк курамына кооптуу абалга байланыштуу эскертүү жарыяланган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 310 статей