БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Арстанбаптагы селге байланыштуу кылмыш иши козголду

Арстанбаптагы селге байланыштуу кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура тараткан сүрөт

Арстанбап айылында болгон селдин себептери боюнча текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында бир катар мамлекеттик кызматкерлерге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 15-октябрда Башкы прокуратура кабарлады. 

Маалыматка караганда, Арстанбап айыл өкмөтүнүн жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын кызмат адамдары 2006-2019-жылдары суу коргоо зонасында жайгашкан 15 жер тилкени мыйзамсыз жеке менчикке берип жибергени аныкталган. Андан кийин Арстанбап-Сай дарыясынын жээгине бир катар соода объектилер курулган. Муну менен мамлекетке жана жеке жактарга 24 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул иш боюнча Базар-Коргон райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш ишин козгогону айтылды. Бирок Башкы прокуратура айып тагылган кызмат адамдарынын аты-жөнүн ачыктаган жок.

Үстүбүздөгү жылдын 23-июлунда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылында сел жүргөн. Табигый кырсык 23 унааны агызып, тогуз турак үйгө, борбордук ооруканага суу кирген. 

Автор: Осмонова Айдана > 647 статей