БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Азербайжан: президенттик шайлоодо Алиев добуштардын 92%ын алды

Азербайжан: президенттик шайлоодо Алиев добуштардын 92%ын алды

Сүрөт: Регнум

Азербайжандагы президенттик шайлоодо бюллетендер дээрлик саналып бүтүп, өлкөнүн азыркы башчысы Илхам Алиев жеңишке жетти.

Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, бюллетендердин 93,4% саналгандан кийин Алиев 92%дан бир аз көбүрөөк добуш алды. Кийинки орунда 2,2% добуш менен көз карандысыз талапкер Захид Оруж турат, калган талапкерлердин добушу андан да азыраак. Алардын арасында аялдар жок. Негизги эки оппозициялык партия шайлоого катышуудан баш тарткан. Добуш берүү укугуна ээ жарандардын дээрлик 77% шайлоого барды.

БШК акыркы жыйынтыкты 9-февралда жарыялайт. Андан соң комиссия документтерди Конституциялык сотко берет – анын чечимине ылайык, талапкер шайланды деп жарыяланып, ант берүү аземи белгиленет.

Азербайжанда президенттик шайлоо келерки жылы өтүшү керек болчу, бирок Алиев аны Тоолуу Карабак кайтарылгандан кийинки популярдуулугу күчөп турган маалга жылдырды. 2024-жылдын ноябрында Азербайжан БУУнун климат боюнча кезектеги саммитин өткөрөт, анын аркасында Алиев кайрадан көңүл чордонунда болот.

Алиев 2003-жылдан бери бийликте, андан мурда өлкөнү анын атасы Гейдар Алиев он жыл башкарган. Учурдагы мыйзам боюнча, Азербайжанда президент жети жылга шайланат, президенттик мөөнөттөрдүн саны чектелген эмес. Алиев үчүн бул катары менен бешинчи шайлоо.

Автор: Т-Медиа > 354 статей