БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Азия чемпионатында Кыргызстандын дзюдо боюнча курамасы 10 медаль утту

Азия чемпионатында Кыргызстандын дзюдо боюнча курамасы 10 медаль утту

Сүрөт Дене тарбия жана спорт департаментинин баракчасынан алынды

Кыргызстандын дзюдо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курама командасы Азия чемпионатында 10 медаль – эки алтын, сегиз коло алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Жаштар арасында (U-20) Эржан Канатбеков (81 кг) жана Эмирхан Жолдошбеков (+100 кг) алтын алды. Ал эми өспүрүмдөр арасында (U-17) Марсель Түмөнбаев (50 кг), Адис Орозмаматов (60 кг), Айдай Какитаева (57 кг) жана Азима Конокбаева (70 кг) коло медаль тагынды. 

Алина Молдокулова (70 кг), Жанара Жолдошева (57 кг), Мырзайым Дуйшенбекова жана Адина Көчкөнбекова (63 кг) да үчүнчү орунду ээлешти.

Дзюдо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасындагы Азия чемпинаты Түштүк Кореянын Мунгён шаарында олду. Мелдештер 31-августта башталып, 1-сентябрда жыйынтыкталган. Ага жалпысынан 20 өлкөнүн 300 спортчусу барган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей