БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Милиция балага зомбулук көрсөткөн киши тууралуу маалымат берди

Милиция балага зомбулук көрсөткөн киши тууралуу маалымат берди

Сүрөт: Ош ОИИБ

Ош облустук милициясы социалдык тармакта балага орой мамиле кылган видео боюнча комментарий берди. Мекеменин басма сөз кызматы 13-сентябрда маалымат таратып, окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталганын кошумчалады. 

Маалыматка караганда, баланы тилдеген киши Алай районунун 39 жаштагы тургуну. Ал мындай кадамга аялын коркутуп коюу максатында баргандыгын айткан. 

"Жубайы менен пикир келишпестиктер пайда болгондуктан, аны коркутуп коюу максатында өзүнүн баласын урушуп, видеого тартып, Орусияда эмгектенип жүргөн аялына жөнөткөндүгү маалымат болгон", -дейт мекеме.

Милиция кызматкерлери видео тасмадагы жаш баланы ошол замат коргоого алышып, дарыгерлерге көрсөтүшкөн. Анын денесинде эч кандай жарат байкалган эмес. Учурда окуяга катыштыгы бар тараптар суралып, текшерүү уланууда. Милиция анын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынарын убадалады.

Күн мурун социалдык тармактарда белгисиз киши жаш баланы сөгүп, "эшикке жатасың" деп караңгыда сыртка чыгарып койгон тасма тараган. Видеодон жаш баланы уктап жаткан жеринен тургузуп, сыртка чыгарып жаткандыгын көрүүгө болот. Интернет колдонуучулары баланы кордогон кишини жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан. 

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей