БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Балбан Лазарев Париж Олимпиадасына жолдомо алды

Балбан Лазарев Париж Олимпиадасына жолдомо алды

Айаал Лазарев

Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев быйыл Парижде өтө турган жайкы Олимп оюндарына жолдомо алды. Ал мындай сыймыкка Түркияда өткөн күрөш боюнча Дүйнөлүк лицензиялык турнирде татыды.

Лазарев 125 кг чейинки салмакта күч сынашкан. Балбан ямайкалык жана өзбекстандык спортчуларды жеңип, жарым финалга чыккан. Ал эми финалда венгриялык атаандашын 12:2 ири эсеп менен утуп жеңишке жетти. 

Ушуну менен Олимпиада оюндарына катыша турган кыргызстандык спортчулардын саны 11ге жетти.Буга чейин Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, грек-рим күрөшүнөн Амантур Исмаилов, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев жана сууда сүзүүдөн Денис Петрашов, балбан Үзүр Жусупбеков  Олимпиада оюндарына жолдомого ээ болгон.

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей