БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Декабрдан тарта банктарда онлайн-насыя берүүдө «ойлонуу мөөнөтү» кирет

Декабрдан тарта банктарда онлайн-насыя берүүдө "ойлонуу мөөнөтү" кирет

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстандагы банктар 11-декабрдан тарта онлайн насыя берүүдө "токтотуп туруу" же "ойлонуу мөөнөтүн" киргизет. Бул маалда насыя ала турган адамга андан баш тартууга же келишимди бузууга мүмкүнчүлүк берилет. Чара алдамчылар менен күрөшүү максатында көрүлүүдө. Тиешелүү токтом долбоору 27-ноябрда кабыл алынды. Улуттук банк документ он беш күндөн кийин күчүнө кирерин маалымдады.

Кабыл алынган мыйзам долбоорго ылайык, насыя каттоого тапшырык түшкөндөн баштап акчаны которууга чейин мөөнөт өтүшү керек. Бул аралыкта банк карыз алуучуга эч кандай каражат которо албайт. 

Банктар үчүн төмөнкүдөй мөөнөт каралган:

–15 миңден 50 миң сомго чейинки насыялар үчүн – 3 саат;

–50 миңден сомдон 100 миң сомго чейин – 6 саат;

–100 миң сомдон жогору насыялар үчүн – 24 саат.

Микрофинансылык уюмдар үчүн:

15 миң сомго чейин насыя алууда – 3 саат;

15 миң сомдон жогору 24 саат убакыт өтүшү керек.

Ошондой эле финансылык мекеменин кызматкери насыянын суммасы 100 миң сомдон ашкан учурда кардардын макулдугун тактоо үчүн белгиленген убакыттан кийин ага телефон чалып, кайрылууну тастыкташы керек. 

Соңку учурда интернетте шылуундук кылган, телефон чалып алдагандар көбөйгөнү айтылууда. Тиешелүү мамлекеттик органдар, мекемелер жарандар шектүү шилтемелерди ачпай, күмөндүү чалууларга ишенбөө зарылдыгын эскертип келет. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 413 макала