БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Баткенде 133 миллион сомго 500 орундуу мектеп курулууда
Баткен шаарынын Базар-Башы кварталындагы Сыдык Айтматов орто мектебине 500 окуучуга ылайыкташкан имарат курулууда. Билим берүү мекемесинин курулушу учурда 40% бүткөн.
Ага республикалык бюджеттен 133 миллион сом бөлүнгөн. Мектепти пайдаланууга берүү 2024-жылга пландалууда. Маалыматка караганда, Айтматов мектебинин эски имараты жер титирөөдөн улам жараксыз абалга келген.
2023-жыл ичинде Баткен облусунда жалпы 24 мектептин курулушу жана капиталдык оңдоп түзөө иштерин бүткөрүү пландалган. Анын ичинен учурда 7 мектеп пайдаланууга берилген.

Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat