БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Баткенде электр тармактар ишканасынын эки жаңы имараты курулууда. Сүрөт

Баткенде электр тармактар ишканасынын эки жаңы имараты курулууда. Сүрөт

Сүрөт: Президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Баткен облусунда Баткен электр тармактар ишканасынын жана Сүлүктү райондук электр тармактар ишканасынын административдик имаратынын курулушу жүрүүдө. Президенттин аталган облусттагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиришинче имараттын 60%ы аяктап, үстүбүздөгү жылдын күз айларында пайдаланууга берилет.

Курулуш "Кыргызстан улуттук электр тармагы" тарабынан каржыланган. Маалыматка караганда, административдик имаратта кызматкерлерди иштөөсү үчүн бардык жетиштүү шарттар пландалган.

Азыркы учурда Баткен электр тармактар ишканасынын имараты жок болгондуктан мекеме кызматкерлери райондук электр тармактар ишканасынын кеңсесинде жайгашып турат. Ал эми Сүлүктү райондук электр тармактар ишканасынын имараты болсо эскилиги жеткени айтылат.

Өкүлчүлүк быйылкы жылы Баткен облустунда 87,8 чакырымга электр аба чубалгысы жаңыдан тартылалаарын билдирди.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей