БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Баткенде Жаңы жыл майрамына 83 миң сом сарпталат
83 миң сом менен эле жаңы жылды майрамдоого болот. Кантип?
Баткен мэриясы Жаңы жыл майрамын өткөрүүгө 21-ноябрда тендер жарыялаган. Жыйынтыгында 6 мекемеден билдирүү түшкөн. Эң аз сумманы "СБ Бугу" ЖЧКсы 73 миң 500 сом сунуштаганына карабай, кызматын 83 миң сомго баалаган "Галактикос" жоопкерчилиги чектелген коому жеңүүчү деп табылган.
"Негизи "СБ Бугу" деген уткан. Бирок ал 10-декабрда келишимден баш тартты. "Бул акчага мен аткара албайт экенмин" дегенден кийин, "Галактикос" компаниясына берилген"- дейт Баткен шаардык мэриясынын маалымат катчысы Аскар Баймуратов.
"Галактикос" компаниясы Юстиция министрлигинен 2023-жылдын октябрь айында каттоодон өткөн. Мекеме товарларды дүңүнөн сатуу менен алектенет. Директору жана негиздөөчүсү деп Шералиев Максатбек Шералиевич көрсөтүлгөн. Компаниянын ээси тууралуу ачык булактарда маалымат жокко эсе. Ачык бюджет порталындагы маалыматка ылайык, "Галактикос" 2024-жылда 50 миң сомдон ашуун салык төлөгөн.
83 миң сомго кандай жумуш аткарылат?
Быйыл балаты, түрдүү оюнчуктар сатып алынбайт. 83 миң сомго былтыркы жылы тургузулган бийиктиги 12 метр болгон балатыны орнотуу, кайра жыйноо, жарыктандыруу гана каралган. Мындан сырткары 25 миң сому акчалай сыйлык катары жарандарга ыйгарылат.
"Баткен шаарындагы эң мыкты формага, мыкты жасалгалоого (ишканалар арасында), жеке секторлорго жана мыкты куттуктоого беш миң сомдон каралган. Оригиналдуу аяз ата, аяз кызга да беш миң сом берилет"- деди Максатбек Шералиев.
Ал эми Жалал-Абад шаары Баткенден он эсе көп каражат, тагыраагы 800 миң сом коротууну пландаштырса, Ош шаары майрамга 2 млн сом сарптаганы турат.
Негизи жылдын жаңырышын майрамдоого канча каражат коротууну туура көрөсүз? Пикир калтырыңыз.
Автор: Осмонова Айдана > 794 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat