БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Баткендеги Кызыл-Дөңгө 10 млн сомго понарама курулат

Баткендеги Кызыл-Дөңгө 10 млн сомго понарама курулат

Панораманын эскизи/ сүрөт: Мамкурулуш

Баткен шаарынын Кызыл-Дөң дөңсөөсүнө эс алуу панорамасы курулат. Аны курууга жалпы 10 млн сомдон ашык каражат каралган. Анын 3 млн сомун мэрия, калганын жергиликтүү демөөрчүлөр берет. Бул тууралуу "Т-Медиага" муниципалитеттин басма сөз катчысы билдирди.

"Кайсы демөөрчүлөр экенин азыр ачыкташ эртелик кылат. Курулуш иштери жакынкы күндөрү башталат. Ошондо гана демөөрчүлөр ачык айтылат", -дешти мэриядан.

Аталган эс алуучу жайдын учурдагы аталышы "Тамаша Жай" панорамасы. Курулушу ушул жылы бүткөрүлүп, пайдаланууга берилери пландалууда. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей