БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бекешов: бийлик журналисттерди душман көрбөш керек

Бекешов: бийлик журналисттерди душман көрбөш керек

Дастан Бекешов

Депутат Дастан Бекешов президент Садыр Жапаровго кайрылып, жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу соңку окуялар боюнча комиссия түзүүнү сунуштады. Ал парламенттин 17-январдагы жыйынында сүйлөп жатып өлкөдө эркин басма сөз болушу керектигин белгиледи. 

"Жалпыга маалымдоо каражаттары менен журналисттер бийликти колдоого милдеттүү эмес. Бул алардын иши да эмес. Журналисттер тескерисинче, кетирилген каталарды таап көрсөтүп берип, бийлик аларга рахмат айтып оңдошу керек. Аларды душман көрбөй коррупциялык, мыйзамсыз иштерди ачканга көмөк кылган жардамчы катары кабыл алсак. Ооба, майда-чүйдө маселелерди жаза берген да ЖМКлар бар. Алар да жоопкерчилик алышы керек. Бирок өлкөдө эркин басма сөз болушу керек. Эгерде сөз эркиндиги болбосо, эркин коом да, эркин өлкө да болбойт. Эч ким пикирин ачык айта албайт. Бийликти мактагандар көп. Бирок чындыкты айткандар аз", -деген ал.

Ал эми парламент төрагасы Нурланбек Шакиев Бекешевдин сөзүнө жооп берип жатып журналисттерге байланыштуу акыркы окуяларды сөз эркиндигине карата кысым деп баалоого кошулбай турганын айтты. 

Журналисттердин жапырт кармалышы

Кыргызстанда 16-январда эртең менен ондой журналисттин үйү тинтүүгө алынып, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка алып келингени маалымдалган. Ошол эле күнү кечинде 11 журналист,  милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды.

Кармалгандардын баары аларга коюлуп жаткан айыпка макул эмес экенин айтып жатышат.

ИИМдин басма сөз кызматы "Айт айт дес" жана "Темиров LIVE" долбоорлорунун баракчаларында жапырт башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренесинин "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" деген бөлүгүнүн негизинде иш козголуп, тергелип жатканын маалымдаган.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде айрым техникалык каражаттарын алып кеткен жана үч кызматкерин суракка алып, кийин кое берген. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 333 статей