БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Президент Жапаров беш кишини генерал майор наамынан ажыратты

Президент Жапаров беш кишини генерал майор наамынан ажыратты

Сүрөт: президенттин администрациясы

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 10-октябрда кол койгон.

Алар – ички иштер министринин мурдагы орун басарлары Алмазбек Орозалиев, Мирлан Каниметов, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Малик Нурдинов, УКМК төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Талантбек Салиев, УКМКнын 9-кызматынын экс-жетекчиси Санжарбек Эркинбаев.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов аскердик наамдар убагында мыйзамсыз берилген деген негиз менен алынганын билдирди. 

Аталган беш кишиге экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы 14-октябрда наам ыйгарган болчу. Жээнбеков эки күндөн кийин Жогорку Кеңеште кайрылуу жасап, президенттиктен кеткен.

Автор: Осмонова Айдана > 791 макала