БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бүгүн Кыргызстан Сауд Арабия курамасы менен беттешет. Атаандаштар тууралуу эмне белгилүү?

Бүгүн Кыргызстан Сауд Арабия курамасы менен беттешет. Атаандаштар тууралуу эмне белгилүү?

Сүрөт интернеттен алынды

Бүгүн, 21-январда Азия Кубогунун тайпалык («F») оюндарынын алкагында Кыргызстан Сауд Арабия курама командасы менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча 23:30да башталып, Дохадагы Ахмат бин Али стадионунда өтөт.

20-январда эки команданын башкы машыктыруучулары оюнчулардын катышуусунда маалымат жыйын өткөрүшкөн. Анда Кыргызстандын курамасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович Сауд Аравия менен боло турган оюн оңой болбойт деген пикирин билдирген. 

"Сауд Аравиясы ар дайым оюнда үстөмдүк кылууга жана ар кандай чабуул аракеттерин колдонууга аракет кылат. Биз коргонууну катуу кармашыбыз керек. Бирок, ошол эле учурда өзүбүз чабуулда ойнобосок, оюндан жакшы жыйынтык чыгара албайбыз. Ошондуктан алдыдагы оюнда тең салмактуулукту табышыбыз керек. Жеңебиз деп айта албайм. Оңой оюн болбойт. Бирок футболдо баардык нерселер болот. Менин оюмча, бардык оюнчулар, машыктыруучулар штабы жана кыргыз футболунун күйөрмандары буга ишениши керек. Турнирде көптөгөн командалар аны далилдешти. Эртең ийгилик жылмайышы мүмкүн", - деп билдирген ал.

Сауд Арабия курамасы ФИФАнын дүйнөлүк рейтингинде 56-орунда турат. "Жашыл шумкарлар" деген лакап атка конгон командага былтыр августта италиялык Роберто Манчини башкы машыктыруучу болуп келген.

Тарыхта Кыргызстан жана Сауд Аравия курамасы эки жолу ойногон. 1996-жылдын январь айында орун алган беттештер атаандашыбыздын пайдасына аяктаган (0-2, 0-3).

Азия Кубогу үчүн 24 улуттук курама команда катышып жатат. Жалпы алты тайпага төрттөн курама бөлүнгөн. Тайпалык оюндар 25-январга чейин өтөт. Ар бир тайпадан экиден команда жана үчүнчү орунга ээ болгон төрт мыкты команда плей-оффко же болбосо 1/8 финалга жолдомо алат.

Кыргызстан F тарайсында Оман, Тайланд, Сауд Арабия менен ойнойт. Буга чейинки биринчи беттеште Тайланд курамасынан 0:2 эсебине жеңилип калган. 

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей