БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бүгүн Парижде Олимпиада оюндарынын расмий ачылышы болот

Бүгүн Парижде Олимпиада оюндарынын расмий ачылышы болот

Сүрөт интернеттен алынды

Бүгүн, 26-апрелде Франциянын баш калаасы Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылат. Салтанаттуу азем Бишкек убактысы менен 23:30да башталат.

Мелдештерге катышуу үчүн барган спортчулар Сена дарыясында кайык менен сүзүп өтүшөт. Алардын арасында беларус жана орус спортчулары болбойт. Олимпиадага нейтралдуу желек менен катыша турган спортчулар көрүүчүлөр отурган аймакта калтырылат. Иш-чарага 300 миңге жакын көрүүчү күбө болот деп күтүлүүдө. Алар үчүн Сена дарыясынын жогорку жээгин бойлой акысыз орундуктар даярдалган. Суунун төмөнкү бөлүгүндөгү жана Эйфель мунарасынын жанындагы Трокадеро аянтындагы орундар үчүн билет сатып алуу керек болот. Анын баасы 15 евродон баштып, 2,7 еврого чейин жетет.

Акыркы 40 жылдан бери алгачкы жолу Олимпиада оюндары Орусияда көрсөтүлбөйт. Өлкөнүн башкы телеканалдары мелдештерди көрсөтүү укугун сатып алуудан баш тартышты. Орусиянын спортчулары мелдештерден четтетилгенин эске алганда, өлкөдө бул жолку Олимпиада оюндарынын рейтинги төмөн болушу мүмкүн.

Кыргызстандан оюндарга 16 спортчу катышат. Алгачкылардан болуп сууда сүзүүчү Денис Петрашов Бишкек убактысы менен саат 15:00дө жарышка чыгат.

Автор: Т-Медиа > 347 статей