БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бүгүн президенттик балаты өтөт

Бүгүн президенттик балаты өтөт

Сүрөт: Билим берүү министрлиги/ 2022-жыл

Бүгүн, 22-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жаңы жылдык балаты өтөт. Ага аймактардан келген 650гө жакын бала катышат. 

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, майрам Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлөт.

Былтыры жаңы жылдык балатыга өлкө боюнча 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала катышкан. Анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү бар. Ошондой эле балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле майыптыгы бар балдар чакырылган.  

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей