БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Бүгүндөн тарта сом менен онлайн акча которууда комиссия алынбайт

Бүгүндөн тарта сом менен онлайн акча которууда комиссия алынбайт

Иллюстративдик сүрөт/ Т-медиа

2026-жылдын 1-январына чейин Кыргызстандын ичинде мобилдик тиркемелер жана интернет банкинг аркылуу сом менен акча которууларга комиссия алынбайт. Улуттук банк 23-октябрда жаңы токтом кабыл алып, чечим 25-октябрдан тарта күчүнө кирди.

Бул чектөө банктардын жана төлөм уюмдарынын мобилдик тиркемелери же интернет-банкинг аркылуу жеке адамдар аткарган акча которууларына тиешелүү. Ошол эле учурда терминалдар аркылуу жасалган төлөмдөргө таасирин тийгизбейт. Чет өлкөлүк валютада жүргүзүлгөн которуулар да чектөөгө кирбейт. 

Улуттук валютадан (сом) башка валюталар менен акча которууда мурдагыдай эле комиссия алынат.

Улуттук банк мындай чара "накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн мындан ары көбөйтүү, калк үчүн санарип төлөм кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында" киргизилип жатканын буга чейин кабарлаган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 419 макала