БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК ишкер Имамидин Ташовду кармады

УКМК ишкер Имамидин Ташовду кармады

УКМК тараткан сүрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети издөөдө жүргөн "KG Групп" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов кармалганын 22-апрелде кабарлады. Атайын кызматтын билдирүүсүндө ишкер Казакстандан чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөн кийин Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалганы айтылат.

"Ташов Кыргызстан жана Казакстандын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды. Издөөдө жүргөн И. Ташов бийликти басып алуу максатында калкты адаштыруу үчүн социалдык тармактарда да активдүү иш алып барган", -деп маалымдайт УКМК.

Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.

 

Ташовдун кайрылуусу

Жогорку Кеңештин 10-январдагы жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Имамидин Ташовго "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен иш козголуп, издөө жарыяланганын билдирген. Мунун алдында ишкердин кайрылуусу социалдык тармактарда тараган. Анда ал УКМКнын кызматкерлери аны уурдап кеткенин, сегиз күн белгисиз жерде кармап олтурушуп 52 млн сомдон сырткары 100 миллион сом талап кылганын айткан. Ал бул окуялар 2023-жылдын 27-декабрында болгонун, буга желек жөнүндө айткан каршы пикири негиз болгонун кошумчалаган. 

10-январда "Фейсбук" социалдык тармагында Имамидин Ташов менен чет өлкөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу (мурдагы Тилекмат Күрөңовдун) сүйлөшүүсү делген видео тарап жатат. Аны журналист Өткүрбек Рахманов өзүнүн баракчасына жарыялаган. 

Имамидин Ташов 2023-жылдын октябрь айында атайын кызмат тарабынан кармалган. УКМК ишкердин компаниясы 280 орундуу бала бакча салынат деп алган муниципалдык жерге эки көп кабаттуу үй куруп сатып жибергенин билдирген. Анын кесепетинен мамлекетке 52 миллион сом зыян келтирилгени маалымдалган. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей