БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Бишкек: бычакталган келин көз жумду, күйөөсүнүн абалы оор деп бааланууда
15-ноябрда 7:40 чамасында Бишкекте 27 жаштагы келин бычактан алган жаракатынан улам "Тез жардам" ооруканасына жеткирилген. Бирок көп узабай каза болгон.
Ленин райондук милициясынын маалыматына караганда, окуя кечээ түнү Арча-Бешик конушунун Шералиев көчөсүндө болгон. Жубайлардын ортосунда чыр чыгып, экөө тең бычактан жаракат алган. Ооруканага аларды туугандары жеткирген.
"Спутник Кыргызстан" киши аялын ондон ашык жолу бычактап, кийин өз жанын кыюуга аракет кылганын жеке булагына таянып жазды.
Ооруканага ошондой эле бычактан алган жарааты менен маркумдун күйөөсү 34 жаштагы А. Р. аттуу адам да жеткирилген. Мекеменин Хирургия-Политравма бөлүмүнүн башчысы Рамис Үсөнбеков ал көкүрөк тарабынын үч жеринен жараат алганын "Т-Медиага" билдирди. Операция жасалып, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дарыгерлер анын абалын туруктуу оор деп баалашууда. Анын палатасын милиция кызматкерлери күзөтүп жатат. Ал эми окуя милицияга каттоого алынып, териштирүү жүрүүдө.
Автор: Бурханов Байэл > 24 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat