БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек: үч жашар кыздын өлүмү боюнча комиссия түзүлдү

Бишкек: үч жашар кыздын өлүмү боюнча комиссия түзүлдү

Иллюстративдик сүрөт

Бишкекте стоматологиялык клиникалардын биринде каза болгон үч жашар кыз боюнча атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу 21-декабрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Министрликтин маалыматына караганда, клиника убактылуу жабылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 

Үч жашар кыздын өлүмү боюнча адвокат Канат Хасанов 21-декабрда "Фейсбук" баракчасында түз эфирге чыгып айтып берген. Анын сөзүнө караганда, кыздын тишин дарылатууга атасы алып барган. Дарыгерлер ага жалпы наркоз сайышып, кийин каза болуп калган. 

 

Хасановдун түз эфиринде кыздын атасы, чоң энеси да сүйлөгөн. Чоң энеси небересин 11:40та алып кирип, 18:30да өлтүрүп алып чыгып берип коюшканын айтып чара көрүүнү талап кылган. 

Ал эми атасы алгач кеңеш алып, анализ тапшырып, 18-декабрда клиникага алып барганын айтууда. Атасынын айтымында, врачтар  кызынын тишин "Севарон" дарысын жыттатып, уктатып тазаламак болгон. Бирок ага ийне сайышканын, ошол бойдон каза болуп калганын билдирген. 

Автор: Осмонова Айдана > 652 статей