БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Бишкектеги эски көп кабаттуу үйлөрдү бузуп, ордуна жаңысын куруу пландалууда

Бишкектеги эски көп кабаттуу үйлөрдү бузуп, ордуна жаңысын куруу пландалууда

Бишкек/ Сүрөт интернеттен алынды

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Советтер Союзу маалында салынган эски үйлөрдү бузуу пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал "Биринчи радиого" берген маегинде айткан. 

Орунтаевдин айтымында, Сталин жана Хрущевдун маалында салынган турак жайлардын ордуна жаңылар салынса, жер бошоп көп үйдү батырууга болот. Ал ошондой эле пайдубалы жок тургузулган үйлөр сүрдүрүлөрүн кошумчалады.

"Сталин, Хрущев убагында курулган үйлөр көп. Алардагы болжолдуу 500 батири бар үй бир нече гектар жерди ээлеп, 10 миң чарчы метрдей гана турак жайды түзүп жаткан болсо, азыркы жаңы технологиялар менен заман талабына ылайык, ошол эле жерге 100 миң чарчы метрлик, көп батирди курууга болот. Бул жөнөкөй тил менен айтканда "реновация" деп аталат. Биз көп кабаттуу үй куруу боюнча америкалык заманбап программа сатып алдык. Реновация программасына инвестиция тартылат жана мамлекеттик бюджеттен акча салынат. Мисалы, инвестор бул программанын алкагында жер тилкесин сатып алууну кааласа, тиешелүү органдарга кайрылат жана ага уруксат алат. Андан кийин сүрдүрүлүүчү үйдүн тургундарына барып, алар менен сүйлөшөт. Ал батирлерди базар баасында сатып алат же башка жолдорун таап сүйлөшөт. Аягында эски үйдү сүрүп, ордуна жаңысын тургузат"-деген ал.

Орунтаев бул демилге качан ишке кирерин, ал кайсы мыйзамдын негизинде иш алып барарын ачыктаган жок.

Расмий маалыматтарга караганда, СССР маалында Бишкекте 1500дөн ашуун көп кабаттуу имарат салынып, колдонууга берилген. Алардын эксплуатациялык мөөнөтү 50-70 жылды түзөт.

Автор: Улукбек кызы Асем > 390 макала