БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек менен Оштун ТЭЦтери жергиликтүү бийликтин карамагына өтөт

Бишкек менен Оштун ТЭЦтери жергиликтүү бийликтин карамагына өтөт

Оштогу ТЭЦ

"Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын филиалдары, Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук борборлору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына өтөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 3-апрелде "Кыргызжылуулукэнергону" реформалоого боюнча кеңейтилген жумушчу кеңешмеде айтты.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Жапаров көпчүлүк отканалардын эскилиги жетип, эффективдүүлүгү азайып, натыйжада чоң жоготуулар болуп жатканын белгилеген. Мамлекет башчысы бул тармакта квалификациялуу адистердин жетишсиздиги, энергоресурстардын өздүк наркынын жогорулашы, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдөн улам маселелер жаралып жатканын кошумчалады.

"Мамлекет башчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калк адында жоопкерчилигин жогорулатуу жана энергетика ишканаларын натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу зарылдыгына басым жасады. Ал ошондой эле алардын ишмердүүлүгүнө баа берүү жылуулук менен камсыздоо объектилерин башкаруунун натыйжалуулугуна жараша болорун баса белгиледи", -деп жазылат маалыматта.

Отказандарды өткөрүү этап-этабы менен Энергетика министрлигинин жана энергетика компанияларынын адистеринин толук катышуусу менен жүргүзүлөт.

"Кыргызжылуулукэнерго" ишканасынын жети облуста жалпы 17 филиалы бар. Алардагы 160 отканада 490 отказан иштейт.

Быйыл 2-февралда да таңкы саат 3төр чамасында Бишкек ЖЭБде катуу жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, 5-февралда толук калыбына келтирилген.

ЖЭБдеги авариядан беш адам жабыркаган жана экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга жөнөтүлүп, дарыланып жатат.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей