БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Бишкек шаардык соту «Клооп Медианын» апелляциялык арызын кароодон баш тартты
Бишкек шаардык соту бүгүн, 17-майда "Клооп Медианын" апелляциялык арызын кароодон баш тартты. Редакция буга соттук коллегия арыз берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткен деген жүйө келтиргенин билдирди.
"Клооптун" адвокаты Нурбек Сыдыков арыз өз убагында берилгенин айтууда. Анын сөзүнө караганда, арызды берүүдө Юстиция министрлигинин дарегиндеги бир сандан ката кетип калган.
"Сотто көрсөтүлгөн даректе бир санда ката кеткенин, 32нин ордуна 39 жазылып калганын айтышууда. Негизи арыз жөнөтүлгөн. Жаш Гвардия гүлбагында бир эле Юстиция министрлиги бар деп эсептейм. Бул жагдайга "Клооптун" арызы кайтарылганына карабай, ошол эле замат фонд кайра арыз берген. Жарандык процессуалдык кодексте "кандайдыр бир мүчүлүштүк өз учурунда жоюлса, сот өткөрүп жиберилген процесстик мөөнөттү калыбына келтире алат" деген норма каралган", -дейт Сыдыков.
Сыдыков шаардык соттун чечимине каршы Жогорку сотко арыз берилерин кошумчалады.
Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда "Клооп Медианы" жоюу чечимин чыгарган. Медианы жабуу арызы менен Бишкек шаардык прокуратурасы сотко кайрылган.
Бишкектин административдик соту 18-мартта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин kloop.kg сайтын жабуу жана ага негиз болгон материалды өчүрүү тууралуу чечимин жокко чыгарган. Министрлик бул чечимге каршы кийинки инстанцияга кайрылбаса же арызданган учурда да Бишкек шаардык соту шаардын административдик сотунун токтомун күчүндө калтырса, kloop.kg сайты ачылышы керек.
"Клооптун" орус тилиндеги сайты былтыр 12-сентябрдан тарта жабылган. Ага "Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганы кабарланды" деген материал негиз болгон. Атайын кызмат материал "чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет" деп Маданият министрлигине кайрылган.
Министрлик ноябрь айында ушул эле материалга байланыштуу "фейктер жөнүндөгү" мыйзамдын негизинде "Клооптун" кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөгөн."Клооп" бул чечимдерге макул эмес экенин билдирип келет.
Автор: Осмонова Айдана > 791 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat