БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек: талаштуу көп кабаттуу үйдөн жашоочулар чыгарылууда

Бишкек: талаштуу көп кабаттуу үйдөн жашоочулар чыгарылууда

Сүрөт: t-media/Максат Боромбаев

Бишкек шаарынын Абды Сүйөркулов көчөсүнүн 16/1 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн жашоочуларын имараттан чыгаруу үчүн электр жарыгы өчүрүлүп, суу берүү токтотуду. Учурда турак-жайды милиция кызматкерлери курчап турганын "Т-Медианын" кабарчысы жеринен билдирди. Ошондойле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери да келди.

Аталган имаратка 9-февралда Бишкек щаарынын мэри Айбек Жунушалиев баштаган кызматкерлер келип, ал жерде жашап жаткан 60тан ашык үй-бүлөгө 1-мартка чейин чыгып кетүүнү эскерткен. Ал эми тургундар батирлерди мыйзамдуу сатып алышканын, башка жакка көчпөй турганын айтышууда.

Былтыр апрелде Жогорку Сот бул имараттын жашоочулары менен "Квартал-Строй" компаниясынын келишимдерин мыйзамсыз деп тапкан. Ал эми фирманын директору Асыл Талиповага соода-жайын мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Автор: Максат Боромбаев

Автор: Т-Медиа > 353 статей