БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек: талаштуу «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланууда

Бишкек: талаштуу «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланууда

Сүрөт: t-media

Бүгүн, 31-октябрда Бишкекте «ЖМК жөнүндө» жаңы сунушталып жаткан мыйзам долбоорун талкуулаган жыйын өтүп жатат. Ага акыйкатчы Жамила Жаманбаева, Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Антье Граве, медиа эксперттер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда.

 

Жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мыйзам долбоору парламентте каралганда коомчулуктун жана ЖМК өкүлдөрүнүн пикири да эске алынарын билдирди. Мындан сырткары ал өлкөдөгү сөз эркиндиги коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу жогору экенин айтты.

 

"Бул мыйзам абдан маанилүү. Учурдун талабына ылайык мыйзамды кабыл алышыбыз керек. Долбоор парламентте дагы кызуу талкууланат. Ага чейин ушул жыйында айтылган сунуштар эске алынат. Кыргызстанда сөз эркиндиги коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла жогору. Элчилерди кабыл алып жүрөм. Анда сөз эркиндиги, адам укуктарын талкуулайбыз. Мамлекетте сөз эркиндиги болуш керек, адам укугу корголуш керек. Ошого жараша жоопкерчилик дагы болушу зарыл. Жоопкерчилик болбосо биз сөз эркиндигинин баркын кетирип алабыз",-деди Шакиев.

 

Эске салсак: президенттик администрация 2022-жылы «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып коомдук талкууга чыгарган. Анда көз карандысыз юристтер мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп баалашкан. Алар «ЖМК жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясы мурункуга салыштырмалуу катаалдашып кеткенин айтып келишет.

Автор: Т-Медиа > 355 статей